Баткендеги куралдуу кагылышта жарактан чыккан үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков "Фейсбук" баракчасына жазган.
Анын айтымында, кечээ, 2-февралда 35 үй тапшырылды.
“Ушул жумада 15 үй даяр болот. Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев үйдүн кожоюндарына 100 000 сом акча каражатын тапшырды”, - деп жазган Орунбеков.
Эскерте кетсек, буга чейин 30 үй жабыркаган үй-бүлөлөргө тапшырылган.