Баткен облусунда 1 млн долларга кичи ГЭС курулууда. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, объект электр энергия менен Кыштут айыл аймагын камсыздайт.
Маалым болгондой, курулушту жеке инвестор каржылып жатат. Кичи ГЭСтин курулушу 2021-жылдын сентябрында башталган жана ушул жазда аяктары күтүлүүдө.
Белгилеп кетсек, Энергетика министрлиги өткөн жылы өлкөдө 48 кичи ГЭС куруу планын жарыялаган.