Баткенде инвестиция тартуу боюнча кеңеш түзүлдү

18.04.2024, 11:35 Акчабар
Баткенде инвестиция тартуу боюнча кеңеш түзүлдү

Баткенде инвестиция тартуу жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аймактагы ишкерликти өнүктүрүү маселеси боюнча кеңештин жыйыны өтүп ага, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, район-шаарлардын акимдери, тиешелүү министрликтердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облусундагы өкүлү Данияр Абдуллаев инвестиция тартуу жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин мүчөсү болду.

Ал эми Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев ар кыл тармактардын, логистикалык борборлордун, фармацевтика тармагынын жана башка тармактардын өкүлдөрүнөн турган палатанын 12 жаңы мүчөсүнө сертификаттарды тапшырды.

Тэги: Баткен инвестиция ишкерлик Темир Сариев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу