Баткенде ишкерлер үчүн бизнес жумалыгы өтүүдө

26.09.2023, 16:28 Акчабар
Баткенде ишкерлер үчүн бизнес жумалыгы өтүүдө

Баткенде “Финансы институттары жана өнүктүрүү инстутуттарынын ролу” аттуу иш чара өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

Иш чаранын максаты -  ишкерлерде мамлекеттик колдоолор боюнча маалыматты жогорулатуу, насыяларды  максаттуу колдонууга салым кошуу болуп саналат. Анда ишкерлер насыянын бардык түрлөрү, 0 пайыздык насыя, ислам принциптери боюнча насыя, кайтарымсыз грант, аз пайыздуу инвестицияларды алуу жолдору тууралуу маалыматтар берилди. 

Белгилеп кетсек, Баткен облусунда 2023-жылдын 24-августуна карата “Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоорунун алкагында 528 ишкерге 241 млн 450 миң сом жеңилдетилген насыя берилген. 

“Аны менен катар республикалык бюджеттен Финансы кредиттик фонду аркылуу чек арадагы акыркы окуяда жабыркаган ишкерлерди колдоо максатында 1% менен насыя берилди. Жалпы 162 ишкер кайрылган”, - деп айтылат маалыматта. 

Учурда облуста 2504 кичи жана орто ишканалар иштеп жатат, аларда 2172 ишкерлер алектенишип келишүүдө, ошону менен бирге 42886 жеке ишкерлер, 32 миң 859 фермердик жана дыйкан чарбалары катталган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу