Баткенде кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо башталды

13.06.2024, 14:15 Акчабар
Баткенде кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо башталды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы үрөн чарбасы күзүндө себилген кылкандуу дан эгиндерин оруп баштады.

Президентинин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, чарба талаасында гектарына 44 центнерден түшүм алынууда.

Өткөн жылы Баткен облусунун аймагында кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы сорттогу үрөндөр себилип, бул жакшы натыйжасын берип жатканы белигленди.

2024-жылдын жазында облус боюнча жалпы 20 миң 778 гектар жерге кылкандуу дан себилип, өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндеринин аянты 200 гектарга көбөйгөн.

Күздүк себүү багытында 2024-жылдын түшүмү үчүн 2023-жылы күзүндө 5900 гектар күздүк себилген.

Тэги: дан эгин Баткен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу