Баткенде мыйзамсыз 124 миң сомдук чарбалык товар аныкталды

28.05.2024, 15:42 Акчабар
Баткенде мыйзамсыз 124 миң сомдук чарбалык товар аныкталды

"Баткен" бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда "Д.А.Э." аттуу жарандын башкаруусундагы "NISSAN X-TRAIL" үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, мыйзамсыз товарды аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Текшерүүдө табылган товардын документтери болгон эмес, жалпы салмагы 254 кг түзгөн Өзбекстандан чыккан чарбалык товарлар аныкталган. Мыйзамсыз товардын жалпы орточо базар баасы 124 миң сомду түзгөн. 

Тиешелүү материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди. 

 

Тэги: Баткен Бажы аткезчилик жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу