Баткенде мыйзамсыз курулган 30дай объект буздурулду

22.02.2024, 16:20 Акчабар
Баткенде мыйзамсыз курулган 30дай объект буздурулду

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Кызыл-Кыя шаарында 3 объектти, Үч-Коргон айыл аймагында 27 мыйзамсыз курулган объектти аныктап, 53 объектиге эскертүү берди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти. 

Аталган фактылар боюнча жалпы 18 материал Кадамжай РИИБге өткөрүлүп берилди. Мыйзамсыз курулган курулуштардын ичинен жалпы 30 объект буздурулуп, учурда кайра калыбына келтирилди. 

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Баткен аймактар аралык бөлүмү Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзгөн. 

Эскерте кетсек, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан ушул жылдын январь айында республика боюнча 31 текшерүү жүрүп, 138 миң 575 сом доо коюлуп, 486 миң 000 сом айып пул салынган.

Тэги: Баткен Кадамжай мыйзамсыз курулуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу