Баткенде жапон технологиясы менен 42 өнүм чыгаруу пландалууда

02.06.2023, 15:20 Акчабар
Баткенде жапон технологиясы менен 42 өнүм чыгаруу пландалууда

JICA   агенттигинин “Бир айыл - бир өнүм” долбоорунун алкагында быйыл 42 өнүм чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Жапониянын JICA агенттигинин өкүлдөрү менен жолугуусунда айтылды.  

Маалыматка ылайык, бул азыктар экологиялык жактан таза, натуралдуу, уникалдуу продукциялар болууга тийиш. 

Тараптар алдыда экономика, айыл чарба, социалдык тармактарда кызматташууну улантуу боюнча, жакынкы мезгилдерде ишке ашырылуучу иш чаралар планын талкуулашты. 

Белгилеп кетсек, 2022-жылы аталган долбоор алкагында өндүрүлгөн 8 азыктын түрүнө облуста түзүлгөн бренд комитет тарабынан сертификат тапшырылган.

Азыркы учурда Баткен облусунда “Бир айыл-бир өнүм”  долбоорунун 24 өндүрүүчүсү бар жана алар өнүмдөрдүн 44 түрүн өндүрүп, сатыкка чыгарышты. 

"Алар кургатылган өрүк кагы, өрүк компоту, шербет, өрүк данегинен даярдалган косметикалык май жана скраб, желе, мармелад, токочтор ж б. ", - деп айтылат маалыматта. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу