Баткен шаарында 90 орундуу эски поликлиниканын оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин сайтында кабарланды.
Аталган объектинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат. Объекттин сметалык баасы 12 миллион 256.928 миң сом, жалпы аянты 1 миң 210 чарчы метр.
Бүгүнкү күндө аткарылган иштер: ички иштер 100%га, чатыр асбест шиферин 50%га, бетон, топурак жана шыбак иштери 55%га, канализация 20%га, электр линиялары 15%га.