Баткен облусунун чек арага жакын аймагындагы бардык турак-жайлар мамлекеттин эсебинен камсыздандырылат. Бул тууралуу тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү кызматтарга берди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жагдай боюнча бүгүн өкмөттө ыкчам кеңешме өттү. Анын жыйынтыгында коомдук коопсуздук, эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө аман-эсен кайтып келүүсү, инфраструктураны калыбына келтирүү жана облустун башка муктаждыктарына зарыл финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылуу боюнча маселелер талкууланды.