Баткендеги жарманкеде 300гө жакын бош орун сунушталды

29.05.2024, 14:15 Акчабар
Баткендеги жарманкеде 300гө жакын бош орун сунушталды

Баткенде бош орундар жарманкеси өттү. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анда аймактагы орто мектептерден 275 бош орун, Баткен шаарындагы мамлекеттик, коммерциялык жана башка уюмдардан 20 бош орун сунушталды.

30га жакын ишкана катышкан иш-чарага окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана жумуш издеген жарандар катышып, маалымат алышты.

Жарманкенин алкагында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, учурда чет жактан жумуш издеген жарандардын коопсуздугу үчүн зарыл болгон маалыматтар, мүмкүнчүлүктөр менен бөлүштү.

Ал эми Мигранттар үчүн ресурстук борбордун адистери жумуш издеп чет өлкөгө чыгууда эске алчу негизги жагдайлар жана migrant.kg сайты боюнча маалымат беришти.

Тэги: жарманке бош орун Баткен мигрант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу