Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жеке турак үйлөрдүн курулуш иштерине беш айда 50 млн. сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 13-майына карата Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жеке турак үйлөрдүн курулуш иштерине республикалык бюджеттен 50 млн. сом бөлүндү.
“2022-жылда Баткен облусундагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жеке турак үйлөрдүн курулуш иштерине республикалык бюджеттен “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 1 млрд. сом жана президенттин фондунан 300 млн. сом акча каражаттары бөлүнгөн. Ал мамлекеттин буйругу менен Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине которулган, - деп айтылат маалыматта.