Баткенди өнүктүрүү долбооруна 250 млн сом бөлүнгөн

16.03.2023, 11:31 Акчабар
Баткенди өнүктүрүү долбооруна 250 млн сом бөлүнгөн

Баткен облусунун коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууга 500 миллион сом каралып, учурда 250 млн сому бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган каражаттын 125 миллион сому Лейлек районуна, 125 миллион сому Баткен районуна берилген.

Мындан тышкары, “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча социалдык объекттердин, ирригациялык курулмалардын курулуш жана капиталдык оңдоо иштерине, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу иштерине, турак жай курулуш иштерине 3 миллиард сом каралып, анын ичинен 2,5 миллиард сому бөлүнүп берилген.

“Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилип, 620 миллион сом каралып, 587 ишкердик субъекттерине  484,6 миллион сом өлчөмүндө каржылоо насыялары берилген”, - деп айтылат маалыматта. 

Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу чыр-чатактын кесепетин жоюу үчүн ачылган атайын эсепке 349,3 миллион сом түшкөн. Анын ичинен 84,4 миллион сом мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жабыр тарткан адамдарга компенсация төлөөгө багытталган. 

Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды каржылоо максатында, 145 миллион сом бөлүнүп берилген. Жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар мамлекеттик администрациялардын эсебине толук көлөмдө которулган. 

Чек арада болгон окуялардын зыянды калыбына келтирүү жана жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүүгө ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө 84,4 миллион сом бөлүнүп, анын ичинен 68,5 миллион сом иштетилген. Ал эми 15,9 миллион сому калган. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу