Баткенге аткезчилик жол менен алынып келе жаткан 1.1 млн сомдук товар кармалды

30.10.2020, 17:00 Акчабар
Баткенге аткезчилик жол менен алынып келе жаткан 1.1 млн сомдук товар кармалды

Мамлекеттик бажы кызматы кургатылган жемиштерди аткезчилик жол менен Баткен облусуна алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен бажысынын кызматкерлери Кыргызстандын  жараны А.уулу У.нун башкаруусундагы «VOLVO FH13» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны токтотуп, текшерүүгө алган. Анда бажы мыйзамдарын бузуу менен коңшу мамлекеттен алынып келинген 18,1 тонна кургатылган жемиштер табылган.

Кармалган товардын жалпы баасы 1,1 миллион сомду түзгөн. Бул факт Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Чогулган материалдар тергөө амалдарынын кароосуна өткөрүлүп берилген.

Тэги: аткезчилик, товар, бажы кызматы,

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу