Баткен облусу салык жеңилдиктерине кепилдик берген өзгөчө статуска ээ болот

04.05.2021, 14:00 Акчабар
Баткен облусу салык жеңилдиктерине кепилдик берген өзгөчө статуска ээ болот

Кыргыз Өкмөтү тарабынан Баткен облусуна өзгөчө статус берүү тууралуу мыйзам даярдалды. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов айыл тургундары менен жолугушууда билдирди.

Баткен облусуна өзгөчө статус берилиши менен жашоочуларга салык жагынан жеңилдиктер берилет. Коомчулуктан келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен, мыйзам долбоору биротоло иштелип чыгып, Өкмөт тарабынан жактырылды.

Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү карайт:

1. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктарын күчтөндүрүү жана төмөнкүлөрдүн ыйгарылышы:

- өзгөчө функционалдык-административдик, уюштуруу-бөлүштүрүү ыйгарым укугу жана өзгөчө статус;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз-ара аракеттешүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.

2. Төмөнкүлөрдү эске алуу менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү:

- өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана контроль жүргүзүүчү Координациялык кеңешти түзүү;

- жеңилдетилген каржылоо механизми;

- облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби;

- Өкмөт тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режимин жана өзгөчө инвестициялык режимин киргизүү;

- товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими;

- Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим;

 - 2022-жылдан тарта жалпы билим берүү уюмдарынын жана маданият обьектилеринин имараттарын кармап турууга коммуналдык тейлөө жана чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берүү.

Тэги: экономика местные налоги Баткенская область Баткенские события

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу