Базар-Коргондо мамлекеттик кызматкерлер жемкорлукка шектелип кармалды

08.02.2023, 12:14 Акчабар
Базар-Коргондо мамлекеттик кызматкерлер жемкорлукка шектелип кармалды

Опузалап пара талап кылуу боюнча Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башкы бухгалтери К.Т. И. жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын архитектура-курулуш көзөмөлүнүн башкы инспектору Д.А.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар жемкорлукка шектелүүдө.

“Аталган кызмат адамдары алдын ала келишимдин негизинде кызматтык абалынан пайдаланып, жеке ишкерден коммерциялык объектти курууга уруксат берүү боюнча 200 000 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар азыркы тапта УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу