Бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери транспорт каражаттарынын бажы наркын төмөндөтүү боюнча эки фактыны аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдары чыгарылган “Mercedes-Benz, Maybach” үлгүсүндөгү эки унаанын бажы наркы төмөндөтүлүүгө аракет кылынган.
“Бажы эрежелерин бузуунун натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 297 357 сомду түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.