Бажы кызматы мамлекетке олуттуу зыян келтирген

25.01.2022, 10:36 Акчабар
Бажы кызматы мамлекетке олуттуу зыян келтирген

Башкы прокуратура тарабынан ишкерлердин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүү фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында республиканын аймагына алынып келинген транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоонун мыйзамдуулугу текшерүүгө алынган.

Текшерүү учурунда бажы органдарынын кызмат адамдары транспорт каражаттарын ташыган тараптар менен укукка жат туруктуу байланышта болуп, материалдык каражат жана артыкчылыктарды табуу максатында Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 2019-жылы өлкө аймагына келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонуу менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөндүгү аныкталган.

“Белгиленген мыйзамсыз аракеттерден улам республиканын бюджетине 170 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги такталды”,- деп маалымдашты өлкөнүн башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынан.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Тэги: аткезчилик, товар, бажы кызматы, Башкы прокуратура коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу