Бажы кызматы суммасы 1 млн сомдон ашуун контрабандалык жүктү аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
“Түндүк” темир жол бажысынын кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте “Аламедин” БТЖнын станциясында Кытайдан “А.Р.” ЖЧКнын дарегине келген контейнерден спорттук буюмдар тапкан.
“Жүк бажылык тариздөөдөн өткөн эмес. Алдын ала эсептөө боюнча төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 млн 55 миң 885 сомду түздү”,- деп айтылат маалыматта.
Аталган факт каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык кароо үчүн Башкы прокуратурага берилген.