Түштүк-Батыш бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери Бириккен Араб Эмираттарынан документтерсиз товарларды алып өтүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, БАЭден “Э.С.” алуучунун дарегине жүк келип түшкөн, анда контейнери бар автотранспорт каражатынын жүк бөлүгүн бажылык текшерүү учурунда декларацияланбаган 1 бирдик “Toyota Crown” маркасындагы транспорт каражаты, ошондой эле жуучу каражаттар жана антиперспиранттар табылган.
“Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча материал Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп, мамлекетке 1 632 404 сомдук зыян келтирилген”, - деп айтылат маалыматта.