“Манас” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери “А.Т.Т.” ЖЧКсы тарабынан салык мыйзамдарын бузуунун белгилерин аныктады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Армениядан Кыргызстандын аймагына Түркия аркылуу транзиттик жол менен “А.Т.Т.” ЖЧКнын дарегине, жалпы салмагы 2399 кг, 850 000 даана тамеки келген.
“Белгиленген факт боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы 2 890 000 сомду түзгөн. Ошондой эле, “А.Т.Т.” ЖЧКсы акциздик маркаларды алуу үчүн салык органына кайрылбаганы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар Башкы прокуратурга өткөрүлүп берилди.