Бажычылар 3 млн сомдук товарды жалган декларациялоо фактысын аныкташты

26.01.2023, 10:24 Акчабар
Бажычылар 3 млн сомдук товарды жалган декларациялоо фактысын аныкташты

Түштүк-Батыш бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташкан. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. 

Текшерүү учурунда “Volvo” үлгүсүндөгү унаадан 100 даана декларацияланбаган кондиционердин сплит-системалары табылган. 

“Корутундуга ылайык, кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 3 000 000 сомду түзөт”, -деп айтылат маалыматта. 

Бул мыйзам бузуу фактысына тийиштүү материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу