Бажычылар дээрлик 390 миң сомго мамлекетке келтирилген зыянды аныктады

24.01.2023, 14:28 Акчабар
Бажычылар  дээрлик 390 миң сомго мамлекетке келтирилген зыянды аныктады

“Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери “Howo” үлгүсүндөгү 4 унааны мыйзамсыз түрдө ээликтен ажыраткан фактыны аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2018-жылы “Н.” ЖЧКсына Кытайдан Кыргызстанга “Howo” үлгүсүндөгү 4 унаа ташылып келинген. Ал эми, 2021-жылы “Н.” ЖЧКсы аталган унааларга тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөй жеке жактарга сатып жиберген.         

“Бул мыйзам бузуунун негизинде республиканын бюджетине 388 891 сом зыян келтирилген. Анткени шарттуу түрдө чыгарылган товарларды үчүнчү жактарга берүүгө, анын ичинде аларды сатууга же башка ар кандай ээликтен ажыратууга тыюу салынат”,- деп айтылат маалыматта. 

Тиешелүү документтер процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу