Ири көлөмдөгү товарды жалган декларациялагандар аныкталды

06.06.2023, 17:25 Акчабар
Ири көлөмдөгү товарды жалган декларациялагандар аныкталды

Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын “Оперативдүү” бажысынын кызматкерлери УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кытайдан “Н.Г.” ЖЧКнын дарегине КЭРден бара жаткан “SCANIA” маркасындагы автотранспортун бажы кароосунан өткөрүүдө “Куурулган мисте” деп берилген жүк келген. Товардын брутто салмагы - 29 200 кг, таза салмагы - 27 000 кг, ал эми товардын баасы - 18 миң 900 долларды түзгөн. 

“Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө мисте термикалык иштетүүдөн өтпөгөнү аныкталган. Ошентип, “Н.Г.” ЖЧК тарабынан бажы органдарына бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн атайылап бурмаланган маалыматтарды берүү менен бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.  

Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу