Бажычылар медициналык эритмелерди ташыган жаранды аныктады

14.02.2023, 09:41 Акчабар
Бажычылар медициналык эритмелерди ташыган жаранды аныктады

“Оперативдүү” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Баткен шаарында медициналык эритмелерди ташыган жаранды кармашкан. Бул тууралуу аталган мекеминин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган жарандын унаасын текшерүүдө 230 куту табылып, анын ар биринде 100 даана медициналык эритме болгон. Жүктүн бажылык жактан таризделгенин тастыктаган документтери болгон эмес.

“Кармалган товардын жалпы салмагы 2875 кг түздү. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 920 000 сом” - деп айтылат маалыматта.

Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү тарапка өткөрүлүп берилди.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу