Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир апта ичинде 268 бейтап кайрылды

12.11.2019, 15:30 Акчабар
Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир апта ичинде 268 бейтап кайрылды

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (11.11.19-ж.) 268 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 198и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Кайрылгандардын 91и ооруканага жаткырылды, алардын 84ү жаш балдар.

«Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 65 адам кайрылса, 35и ооруканага жаткырылып, 30 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 35 адам кайрылган, алардын 15и ооруканага жаткырылды», — деп билдиришти министрликтен.

Тэги: Клиникалык оорукана бейтап 268

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу