Бишкекте бекер адистикке үйрөтөт. Керектүү кесипти тизмеден табасыз

20.06.2019, 10:52 Акчабар
Бишкекте бекер адистикке үйрөтөт. Керектүү кесипти тизмеден табасыз

Бишкектеги бекер курстардын тизмесин «Билесиңби» сайты  жарыялап  чыккан. Учурда дагы жумушсуздарга бекер окуутуулар уланууда. Анда кесиптик окуутулар бекер жана кыска аралыкта жүргүзүлөт. Бул иш издеп жүргөндөргө кошумча кесипке ээ болуга зор мүмкүнчүлүк.  Болгону жашаган аймак боюнча ише орноштуруу кызматына паспорт менен барып, "жумушсуз" деген каттоого турган соң, акысыз окууларга кирип, өзүңүз каалаган кесипти тандайсыз. Төмөндө баардык кесиптер жана жайгашкан жерлери берилди. 

Кыска мөөнөттүү акысыз курстар

Кесибиңизге ылайыктуу жумуш жокпу? Кесиптик ишиңизге жөндөмүңүздү жоготуп койдуңузбу? Анда бул курстар сиз үчүн. 

Бул курстарды окусаңыз төмөнкү артыкчылыктарга ээ болосуз:

  • кошумча адистик
  • окууну аяктагандан кийин ишке орношуу мүмкүнчүлүгүңүз жогорулайт
  • окуу акысыз 
  • окуу мөнөөтү 1 - 3 айга чейин
  • окуп жаткан мезгилде эмгек стажы кетет, стипендия менен сертификат берилет.

Кесиптик лицейлер

№ 4 - кесиптик лицей, Москва көчөсү, 171

  • электргаз ширетүүчү
  • шыбакчы - плитка коюучу
  • шыбакчы - маляр
  • жыгач уста
  • курулуш иштеринин устасы
  • гипсокартончу
  • чач тарач

№ 5 - кесиптик лицей, Байтик Баатыр көчөсү, 122

  • электрик
  • шыбакчы - плитка коюучу
  • электргаз ширетүүчү
  • таш уста (каменщик)
  • сантехник
  • темир уста
  • жыгач уста
  • курулуш иштеринин устаты

№ 10 - кесиптик лицей, Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилиши

  • улуттук жана чет өлкө ашкана ашпозчусу
  • англис тилдүү кеңсе-менеджери
  • чач тарач
  • укалоочу (массажист)
  • кондитер

№ 93 - кесиптик лицей, Чолпон - Ата көчөсү, 3

  • компьютер оңдоо устасы
  • компьютер оператору
  • турмуш тиричилик муздаткычтарын оңдоо устаты
  • web-дизайнер
  • телефон оңдоо устатсы
  • компьютер графикасынын дизайнери
  • дизайнер-аниматор
  • чакан бизнестин каржы менеджери

№ 18 - кесиптик лицей, Горький көчөсү, 2а

  • тигүү жабдууларынын устасы
  • жеңил кийимдерди бычмачы
  • өтүкчү
  • официант, бармендер үчүн англис тили
  • кенен профилдүү сатуучу
  • наабайчы - кондитер
  • компьютер колдонуучу
  • тигүүчү
  • үй кызматкери (горничная)
  • бут кийим оңдоочу

№ 91 - кесиптик лицей, Купянский көчөсү, 34а

  • 3 - разряддагы ашпозчу
  • 2 - разряддагы кондитер
  • ашпозчу-кондитер
  • бармен
  • шишкебекчи
  • барбекью жасоочу
  • бургер жасоочу
  • италия ашканасынын ашпозчусу
  • француз ашканасынын ашпозчусу
  • кытай ашканасынын ашпозчусу
  • компьютер колдонуучу

№ 17 - кесиптик лицей, Чүй проспектиси, 107

  • тигүүчү
  • тикмечи
  • бычмачы
  • лекал-бычмачы
  • тигүү жабдууларынын устасы

№ 94 - кесиптик лицей, Купянский көчөсү, 30

  • тиричилик техникасын ремонттоо боюнча электрик
  • тигүүчү
  • чач тарач
  • компьютер колдонуучу

№ 95 -  кесиптик лицей, Ленский көчөсү, 35а

  • тикмечи
  • бычмачы
  • чач тарач

№ 98 - кесиптик лицей, Чүй проспекти, 225

  • чач тарач
  • бухгалтер
  • компьютер колдонуучу
  • кеңсе-менеджер
  • телефон оңдоо устасы
  • компьютер оңдоо устасы
  • тармактык администратор
  • компьютер дизайнери
  • web-дизайнер

№ 100 - кесиптик лицей, Бейшеналиева көчөсү, 43 а

  • электр монтаждоочу
  • электрогаз ширетүүчү

Окуу борборлору

“Academy economics”, Жаш гвардия бульвары, 55

  • компьютер жана интернет колдонуучу
  • секретарь-референт жана англис тили
  • бухгалтер
  • англис тили
  • сатуу менеджери
  • англис тилдүү кеңсе-менеджери
  • камсыздоочу (страховой) сатуу агенти 

"Парнас", Абдрахманов көчөсү, 57

  • компьютер колдонуучу
  • CorelDraw, AdodPhotoshop, 3D MAX
  • секретарь-референт
  • тармактык администратор
  • кеңсе-менеджер
  • Arhicad программасында архитектуралык долбоорлоо
  • AutoCAD программасында долбоорлоо
  • бухгалтердик эсеп + 1С
  • бухгалтерия

"Универсал", Чүй проспекти, 120

  • компьютер колдонуучу
  • англис тили
  • орус тили
  • француз тили
  • бычуу, тигүү, моделдөө технологиясы
  • бухгалтердик эсеп + 1С

“ANB company”, Раззаков көчөсү, 62

  • косметолог - визажист
  • маникюр, педикюр
  • укалоочу (массажист)
  • бухгалтердик эсеп + 1С
  • бухгалтерия

 “Аспект” тил борбору, Чүй проспекти, 114

  • Англис тили

“Тилмеч”, Киев көчөсү, 3 (И.Арабаев университетинин 1-кабаты)

  • Англис тили

Кошумча суроолор пайда болсо:

Телефон: 0312 65 58 68 

Электрондук почта: info@btm.kg

Сайт: http: www.btm.kg

Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 237.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу