Беш айда 94,8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

06.06.2023, 13:40 Акчабар
Беш айда 94,8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-май айларында 94 млрд. 816,6 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1,6 млрд. сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, салык төгүмдөрү 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,3 млрд. сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 69 млрд. 761,7 млн. сом салык жана төлөмдөр жыйналды. План 594,2 млн. сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын 5 айына салыштырмалуу 8,9 млрд. сомго көп чогултулду.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 25 млрд. 54,9 млн. сомду түзүп, план 1,1 млрд. сомго ашыгы менен аткарылды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 млрд. сомго көп.

“Пландык көрсөткүчтөрдүн ашыкча аткарылышына таасир этүүчү оң факторлордун бири – салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча аткарылып жаткан иштер, бизнести көмүскөдөн чыгаруу болду”, - деп айтылат мекеменин маалыматында. 

Мындан тышкары, салык жол-жоболорун санариптештирүү компоненттерин – контролдук-кассалык машина, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура ж. б. киргизүү өз натыйжаларын берди. 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу