Ушул жылдын беш айында Мамлекеттик салык кызматы алкоголсуз суусундуктардан 275,6 млн. сом акциз салыгын чогултту. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан бул өнүмгө акциз салыгы киргизилгенден бери бюджетке 445,9 млн. сом түшкөн.
Эске салсак, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагына “ТН ВЕД 2202” товардык позициясына классификацияланган алкоголсуз суусундуктарды (курамында кант же аны алмаштыруучу же жыпар жыттуу заттарды камтыган суу) өндүрүүгө жана импорттоого акциз салыгы салынган.
Белгилеп кетсек, 2024-жылдын 1-январынан тарта бул өнүмдөр милдеттүү түрдө акциздик марка менен маркаланууга тийиш жана акциздик салыктын ставкасы да 1 литри 1 сомго жогорулайт.