«Беш-Сары» ишканасынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалды

22.02.2024, 14:40 Акчабар
«Беш-Сары» ишканасынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалды

Парламенттин мурдагы депутаты, “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Ал салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалууда. Камчыбек Жолдошбаев негиздеген “Беш-Сары” компаниясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган. УКМК мындан сырткары документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайда жасалма түрдө төмөндөтүлүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келген деп билдирди.

“Иш жүзүндө ижарачы "Беш Сары" ЖЧКнын администрациясына бир соода түйүнү үчүн 16 миң 100 сом төлөйт, бирок келишим боюнча төмөндөтүлгөн сумма – 9600 сом деп көрсөтүлүп турат, андан сырткары фискалдык органдар үчүн отчеттук документтерде – 4800 сом башка сумма көрсөтүлгөн, башкача айтканда алынган пайданы төмөндөтүү 280% жакынды түзөт”, - деп айылат маалыматта. 

Учурда Жолдошбаев атайын кызматтын тергөө абагына камалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Тэги: Качыбек Жолдошбаев Беш-Сары мыйзамсыз УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу