Өтө жакыр жашаган балдардын саны беш жылда 8% өстү

30.11.2022, 15:54 Акчабар
Өтө жакыр жашаган балдардын саны беш жылда 8% өстү

Беш жыл мурда, 2017-жылы Кыргызстанда жашы жете электердин 32%ы (0-17 жаш) жакырчылыктын чегинде жашаган. Ал эми бул көрсөткүч 2021-жылдын аягына карата 40%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Ошол эле учурда, 2018- 2019-жылдары жакырчылыктын чегинде жашаган балдардын саны азайган. Алсак, көрсөткүч 2018-жылы 28,3%ды түзсө, 2019-жылы 25,7% түзгөн. Жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган балдардын саны 2020-жылы пандемияда кайра өсө баштап, 31,8ды түздү.

Жакырчылыктын көбүрөөк өсүшү 14-28 жаштагы жаштар арасында байкалууда. Беш жылдын ичинде көрсөткүчтөр 22,9%дан 31,2%га чейин өстү.

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 2017-жылдан 2021-жылга чейин жалпы жакырчылык деңгээли 7,7%га, 25,6%дан 33,3%га өскөн.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу