Депутат: КР экспорт алтынды кошпогондо 5% азайды

30.01.2020, 13:35 Акчабар
Депутат: КР экспорт алтынды кошпогондо 5% азайды

Алтынды эсепке албаганда экспорттун көлөмү 5% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЖК депутаты Аалы Карашев ЖК жыйынында билдирди. 

Карашевдин айтымында, Улуттук статистикалык комитеттин 2019 - жылдагы жыйынтыктоочу отчетунда, өлкөнүн экономикасы начар абалда экендиги байкалган. 

«Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2019 - жылы инфляциянын көлөмү 5.7% түзгөн. Бул учурда эмгек акынын орточо көлөмү 5.3 пайызга гана жогорулаган. Бул көрсөткүчтөргө өкмөттүн көңүлүн буруп кетким келет. Андан сырткары, экспорттун көлөмү 9.4%, алтын экспортунун 34 пайыздан 42 пайызга жогорулаганы менен көтөрүлгөн. Бирок, фактыга ылайык экспорттун көлөмү 5% кыскарган, андан сырткары өлкөдө жумушсуздардын саны 76 миңди түзөт», - деп билдирди Аалы Карашев. 

 

Тэги: золото экспорт Нацстатком КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу