Бир айдан бери жол эрежесин бузган айдоочуларга "бакыт каты" келип баштады. Ага чейин «Коопсуз шаар» долбору тестик режимде иштеп келген. Кыска убакытта Бишкектин айдоочулары тартип сактоого жетише алыштыбы? Жолдордо кайсыл эрежелер бузуулат?
Тилекке каршы жолдордо эреже бузуулар азайган жок. Тескеринче, камералардын коюлушу менен шаарда тыгындар көбөйдү. «Акчабар» «Авто Драйв» автомектебинин директору Улан Имангазиевди маекке тартып, камералардын орношу эмнеге тескери эффект бергени тууралуу сөз кылды. Кызыктуу маектен сиздер көп маалыматты ала аласыздар. Андыктан, орус тилиндеги бул маекти көрүүгө чакырабыз.