Накталай доллардын тартыштыгына геосаясат күнөөлүү — УБ

02.12.2022, 10:15 Акчабар
Накталай доллардын тартыштыгына геосаясат күнөөлүү — УБ

Кыргызстандын валюта рыногу дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын жана тышкы рыноктордогу белгисиздиктин таасирине ыңгайлашууда. Улуттук банк банк секторундагы жана валюта рыногундагы абалды ушундай баяндайт. 

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана каатчылыктын терс кесепеттерин минималдаштыруу максатында Улуттук банк бир катар антикризистик чараларды аткарды. Анын ичинде банктар, акча алмаштыруучу жайлар жана микрофинансы уюмдары тарабынан накталай долларды өлкөдөн тышкары алып чыгууга тыюу салынды.

“Бирок Кыргызстандын мыйзамдарында капиталдын эркин кыймылы каралган. Бул жеке жана юридикалык жактар ​чет өлкө валютасын өлкө ичине жана чет өлкөгө эркин алып чыгып, эркин алып кире ала тургандыгын билдирет”, - деп түшүндүрөт жөнгө салуучу орган.

Учурда долларды өлкөгө жеткирүүнүн логистикалык чынжырлары үзгүлтүккө учуроодо. Курстук айырмадан пайда табуу максатында жеке жактар алып-сатарлык операцияларды жүргүзүүдө. Мына ушундай факторлор накталай доллардын жетишсиздигине кошумча себеп болууда.

“Бүгүнкү күндө айрым ата мекендик коммерциялык банктар АКШ долларын накталай акча менен камсыз кылуу үчүн накталай чет өлкө валютасын жеткирүү операциялары жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда, накталай акчаларды жеткирүү боюнча логистикалык чынжырдын татаалдашы алардын акыркы наркына таасирин тийгизет”, - деп белгилейт Улуттук банк.

Коммерциялык банктардын маалыматы боюнча, АКШ долларын накталай берүү үчүн 0,5% дан 4%га чейин комиссия алынат. Ошону менен бирге, банк мыйзамдары банктар тарабынан комиссиялык жыйымдарды жана банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди өз алдынча белгилөөнү карайт. 

Бирок Улуттук банктын талаптарына ылайык, акча алмаштыруучу жайлардагы валюта такталарында валюта курсуна туура келбеген чет өлкө валютасын сатууга же сатып алууга тыюу салынат. Эгерде валюта бар болсо, рыноктун катышуучулары аны чектөөсүз сатууга милдеттүү.

“Белгилей кетүүчү нерсе, нак эмес чет өлкөлүк валюталар менен операциялар коммерциялык банктар тарабынан каалаган көлөмдө жана жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы боюнча эч кандай чектөөлөрсүз жүргүзүлүүдө”, - деп жыйынтыктады Улуттук банк.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика валюта Нацбанк валютный рынок доллар США

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу