Ушул жылдын июнь айынын аягында ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке орноштуруу кызматында катталган жумушсуздардын саны 1,55 миллион адамдан ашты. ЕЭКтин маалыматы боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр 50,2%га азайган.
Жумушсуздардын көбү Орусияда - 1,1 миллион адам. Кийинки орунда Казакстан - 223,5 миң адам, Кыргызстан - 80,5 миң жана Армения турат (61,4 миң адам). Беларуссияда болгону 7,9 миң жумушсуз катталган.
Белгилей кетсек, расмий маалыматтар бул өлкөлөрдөгү жумушсуздардын так санын чагылдырбайт.