Бүгүн Бишкекте электр энергиясына болгон төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү үчүн 4200дөн ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкек электр тармактары” ишканасынан билдиришти.
“Бишкек электр тармактары” ишканасы ушул сыяктуу ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн абоненттерди электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.
Белгилей кетсек, абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү “Quickpay”, “Pay24”, “UMAI”, “KICB”, “MSTS (Kassa-24)”, “Megacom”, “О!”, “Оңой” төлөм терминалдары аркылуу төлөй алышат. Ошондой эле, “MegaPay”, “UMAI” “Элсом” электрондук капчыктары аркылуу, “РСК Банк”, “Керемет Банк”, “Дос Кредо Банк”, “Бакай Банк” жана коммерциялык банктардын кассаларында төлөөгө болот.