Бүгүн 6 800 абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкек электр тармактар” ишканасынан билдиришти.
Белгилеп кетсек, “Улуттук электр тармактары” ишканасынын сайтындагы “Абоненттин балансы” бөлүмүнөн абонент өзүнүн эсебин текшере алат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесин Play Market же AppStore аркылуу жүктөп алып да карызынын бар-жогун аныктоого болот.
Мындан сырткары, карызды терминалдардан да төлөө мүмкүнчүлүгү бар.