Бийлик 2021-жылы бюджеттик каражаттын эсебинен кошумча 19,5 млрд сом жумшаган

12.01.2022, 11:25 Акчабар
Бийлик 2021-жылы бюджеттик каражаттын эсебинен кошумча 19,5 млрд сом жумшаган

Былтыр Кыргызстандын консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 311,0 млрд сомду түзүп, бекитилген планга салыштырмалуу 30 млрд сомго өскөн. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жарандардын социалдык абалын, эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бул өсүш бюджеттик каражаттын эсебинен кошумча зарыл иш-чараларды 19,5 млрд сомго ишке ашырууга мүмкүндүк берди.

Анын ичинде:

  • Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50% жогорулатууга 1,8 млрд сом бөлүндү;
  • Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 0,2 млрд сом бөлүндү;
  • Кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөөгө 1,9 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү (COVID-19);
  • 1,5 млрд сомго COVID-19га каршы вакциналар сатылып алынды;
  • Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, тактап айтканда, буудайды, данды сатып алууга жана азык-түлүк товарларынын камылгасын толуктоого 1,9 млрд сом бөлүнгөн;
  • Кыштан көйгөйсүз өтүү максатында энергетика тармагына жаратылыш газын, электр энергиясын, мазутту сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого кошумча 3,4 млрд сом каралган;
  • Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга социалдык жөлөкпулдарды, камкорчусунан ажыраган балдарга социалдык жөлөкпулдарды жана пенсияларды 50 пайызга көбөйтүүгө болжол менен 0,6 млрд сом жумшалды.

Тэги: президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлери Жарандардын социалдык абалы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу