Бийлик Бишкекке автобус сатып алуу үчүн ЕРӨБдөн 33 млн евро алат

16.02.2022, 12:15 Акчабар
Бийлик Бишкекке автобус сатып алуу үчүн ЕРӨБдөн 33 млн евро алат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 25 млн евро өлчөмүндө кредит түрүндө жеңилдетилген насыя берүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу кечээ, 15-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Экономика жана коммерция министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Анын билүрүүсүнө ылайык, аталган каражат автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого жумшалат.

“Кредиттик каражаттар эки транш менен бөлүнөт. Биринчи транш боюнча 16 млн евро каралып, эгер макулдашылган шарттар аткарылса, экинчи транш менен кошумча 9 млн евро берилет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, насыянын мөөнөтү 12 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 3 жыл. Мындан тышкары, ЕРӨБ 8 млн евро өлчөмүндө грант бөлүүнү пландоодо. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 33 млн евро бөлүнөт.

“Жашыл шаарлар 2, терезе 2” алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбоору жаратылыш газы менен жүрүүчү шаардык автобустарды сатып алууну жана автобус паркын оңдоону карайт.

Тэги: автобус ЕРӨБ  Жогорку Кеңеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу