Бийлик менен ишкерлер чакан бизнес үчүн ККМди киргизүүнүн шарттарын биргелешип иштеп чыгышат

12.01.2022, 14:42 Акчабар
Бийлик менен ишкерлер чакан бизнес үчүн ККМди киргизүүнүн шарттарын биргелешип иштеп чыгышат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Дордой” соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугушту.

Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети тарабынан жаңы салыктар киргизилген жок, буга катар, эгерде товар жүгүртүү 8 млн сомго жетпесе, ишкер салык төлөөдөн бошотулат деген ченем орун алган.

“Биз өлкө ичинде жана анын аймагынан тышкаркы товарларды эсепке алуу жана анын кыймылы тутумуна ээ болуу үчүн фискалдаштырууну жана санариптештирүүнү киргизүүдөбүз. Бул биздин жеке каалообуз эмес, бул рыноктун жана замандын талабы. Биз диалогго даярбыз, сиздер үчүн да, биз үчүн да ыңгайлуу алгоритмге келели”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, маалыматтык-түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн максаты туура эмес чечмеленүүдө.

“Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз, эсеп бардык жерде болушу керек, бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга жардам берет”, - деп кошумчалады ал.

Ишкерлер маалыматтык-түшүндүрүү иштери жетишсиз болгонун, контролдук-кассалык машиналарды киргизүүдө чекене жана дүң соода сегментин, ошондой эле сатылуучу товардын өзгөчөлүгүнөн келип чыгып, алынуучу маржаны эске алуу зарылдыгын айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү менен аталган комплестин ишкерлеринен турган жумушчу топ түзүү зарылдыгы тууралуу пикирге келди, алар чакан бизнес үчүн контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн жеке шарттарын биргелешип иштеп чыгышат.

Тэги: Министрлер кабинети Акылбек Жапаров ККМ.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу