Быйыл билим берүү министрлигине кошумча 16 млрд сом бөлүндү

04.04.2022, 11:30 Акчабар
Быйыл билим берүү министрлигине кошумча 16 млрд сом бөлүндү

Билим берүү министрлигине быйыл кошумча 16 млрд сомдон ашык бөлүндү. Муну менен мекеме эң көп каржыланган министрлик болуп калды. Бул тууралуу Бишкекте өткөн социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, бардык категориядагы кызматкерлердин айлык акысы 50 пайыздан жогору көтөрүлдү.

“Эмгек акы системасы калыбына келтирилди. Оклад системасына өткөздүк, категорияларды да киргиздик. Бул жерде орто мектеп мугалимдеринин орточо айлыгы 80 пайызга өстү дегенибиз менен, чындыгында айрым учурларда айлык акы үч эседен ашык көтөрүлдү. Маселен, Лейлек районундагы башталгыч класстын мугалимин алалы: педучилищаны бүтүргөн, эмгек стажы жок мугалимге мурда 8 846 сом чегерилип, колуна 7200 сом алып келсе, 1-апрелден баштап ага 23 933 сом чегерилип, колуна 21 800 сом ала баштайт. Көрүп турганыныздай, үч эсеге көбөйүп атат. Дагы бир мисал, Ысык-Ата мектебинин педагогикалык иш стажы жок, бакалавр даражасына ээ математика мугалими 1-апрелге чейин 10 миң 450 сом алса, (чегерилгени 12 миң 907 сом) эми 25 миң 300 сом ала баштайт (чегерилгени 31 миң 333 сом).

Ал кошумчалагандай, мугалимдердин айлыгы мындан ары да жогорулайт, бирок катуу талаптар коюлат.

Тэги: каражат билим берүү Жапаров мугалим

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу