Бир айдын ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү 11.6 млрд сомго төмөндөдү

06.07.2020, 12:30 Акчабар
Бир айдын ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү 11.6 млрд сомго төмөндөдү

Үстүбүздөгү жылдын 31-майында мамлекеттик карыздын көлөмү (тышкы+ички) 4 млрд 758.55 млн долларды (351 млрд 27.58 млн сом) түздү. Бул тууралуу каржы министрлик маалымдады. 


[news 25805]

Бул сумманын ичинен тышкы  карыздын көлөмү 301 млрд 32.55 млн сомду (85.8%), ички карыз - 49 млрд 995.06 млн сомду (14.2%) түзөт. 

Белгилей кетсек, 30-апрелге салыштырмалуу мамлекеттик карыздын көлөмү 11 млрд 547 млн 230 миң сомго төмөндөп (УБ 31-майдагы 1 долларга карата курсу - 73.767 сом менен эсептегенде), 156 млн 534 миң 829 долларды түздү. Республиканын мамлекеттик карызын апрель жана май айындагы көлөмүн салыштырып караганда, 165 млн 710 миң долларга жогорулаган (апрелде 4 млрд 592.84 млн долларды, май айында 4 млрд 758.55 млн долларды түзгөн). Бул курстун өзгөрүп туруусуна байланыштуу. Апрель айынын аяк жагында доллардын курсу - 78.9 сомду, май айында - 73.7678 сомду түзгөн. Муну менен катар валютадагы айырмачылык - дээрлик 5 млн сомду түздү. 

Тэги: Мамлекеттик карыз көлөм доллар сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу