Бир айда 7 миң 809 субъект ККМди колдонууга өттү

21.01.2022, 11:15 Акчабар
Бир айда 7 миң 809 субъект ККМди колдонууга өттү

Бир айдын ичинде 7 миң 809 чарба субъекти контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонууга өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Жалпысынан 20-январга карата республика боюнча 32 миң 447 контролдук-кассалык машина колдонууда, анын ичинен 20 миң 831 – аппараттык жана 11 миң 616 – программалык ККМ.

Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди жергиликтүү салык органдарына кайрылууга жана ККМге өтүүгө чакырат.

Учурда ККМдин эки түрү колдонулат – аппараттык жана программалык.

Ошондой эле Салык кызматы “Керемет Банк”, “РСК Банк” жана “Айыл Банк” менен биргеликте коюлган POS терминалы бар заманбап кассалык машиналарды орнотууда. Гибриддик ККМ акысыз берилет, аны алуу үчүн арыз менен иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына кайрылуу зарыл

Тэги: ККМ , Мамлекеттик салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу