Бир айда коммерциялык банктардын насыя портфели 3,4 млрд сомго көбөйгөн

06.05.2021, 10:01 Акчабар
Бир айда коммерциялык банктардын насыя портфели 3,4 млрд сомго көбөйгөн

Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кредит портфели март айынын акырына карата 166,6 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматтар Улуттук банк тарабынан келтирилген.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айына салыштырмалуу өсүш 3,4 миллиард сомду түзсө, өткөн жылдын март айынан бери портфель 12,8 миллиард сомго көбөйгөн.

Белгилей кетсек, отчеттук мезгил ичинде сом менен берилген насыя портфели 110,1 миллиарддан 113,5 миллиард сомго чейин көбөйгөн. Тескерисинче, чет элдик валютадагы насыялардын көлөмү 53 миллион сомго азайып, 53 миллиардды түздү.

 

Тэги: комбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу