Бир айда күрүч дээрлик 5 сомго кымбаттады

02.02.2023, 14:28 Акчабар
Бир айда күрүч дээрлик 5 сомго кымбаттады

Январь айында күрүч 4,7 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Эгерде 2-январда өлкө боюнча орточо эсеп менен күрүчтүн баасы 93,88 сом болсо, айдын аягында 998,58 сомго чейин кымбаттаган. Өнүм эң көп Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында (23,97 сомго), ошондой эле Балыкчыда (20,89 сомго) жана Кербенде (10,08 сомго) кымбаттады. Ал эми Кара-Суу, Раззаков, Өзгөн аймактарында күрүчтүн баасы өзгөргөн жок. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эң арзан дан күрүчү Өзгөндө (88,01 сом), эң кымбаты Кара-Балта шаарында (123,69 сом) сатылууда.

 

 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу