Бир айда Кыргызстанда накталай акчанын көлөмү дагы 2,1%га кыскарды

22.03.2023, 17:31 Акчабар
Бир айда Кыргызстанда накталай акчанын көлөмү дагы 2,1%га кыскарды

Кыргызстанда накталай акчанын көлөмү бир айда дагы 2,1%га кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Январдын башында калктын колунда 176 миллиард 430 миллион сом болгон. 1-февралга карата көрсөткүч 165 млрд 506,8 млн сомго (6,2%га), ал эми март айына карата 161 млрд 967,6 млн сомго чейин төмөндөгөн. Жыл башынан бери көрсөткүч 8,19%га азайган.   

Былтыр март айында 116 миллиард 604,9 миллион сом банктардан тышкары болгон. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда өлкөдө накталай акчанын көлөмү 38,9%га өскөн.

Ушул айдын башында накталай эмес акчанын көлөмү 262 миллиард 543,2 миллион сомду түздү. Анын 147 миллиард 543,9 миллиондон ашыгы банктарда сом менен, ал эми доллар менен алганда 114 миллиард 999 миллион сомдон ашыгы сакталууда.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу