Апрель айында Кыргызстандан Швейцарияга 598 кг 30,5 г алтын экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, январь-март айларынын маалыматы боюнча бул айларда Швейцарияга 645 кг 255,3 г жеткирилген.
Төрт айда Швейцарияга сатылган жалпы көлөм 78 млн. 223,9 миң долларды түздү. Бул орточо эсеп менен 1 г үчүн 62,9 доллар же унций үчүн 1956,9 доллар. Бул Лондон биржасындагы алтындын наркына жакын баа.
Жалпысынан январь-апрель айларында Кыргызстандан 87 млн. 922 миң 749 доллар, 1 тонна 411 кг 167,9 г алтын экспорттолгон: