Он бир айда мал базарларга 160 миң сом айып пул салынды

21.12.2023, 16:30 Акчабар
Он бир айда мал базарларга 160 миң сом айып пул салынды

Кыргызстанда 2023-жылдын 11 айында ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген 16 мал базарга жалпысынан 160 миң сом айып салынды. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйында билдирди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында жалпысынан 45 мал базары иштейт, алардын 20сы ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербейт. 

“Аламүдүн, Жайыл, Ноокен, Аксы, Кочкор, Чоң-Алай, Тогуз-Торо райондорунун акимдерине, Каракол, Кызыл-Кыя шаарларынын мэрлерине мыйзам бузууларды жоюу жана базарлардын ишин токтотуу боюнча көрсөтмөлөр берилди. Кошумчалай кетсек, жакында эле Токтогул районундагы мал базардын иши токтотулган”, - деди ал.

 

Тэги: мал базары ветеринардык көзөмөл санитария

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу