«Бир Бол» партиясы Ош шаарында форум өткөрдү

23.09.2020, 11:08 Акчабар
«Бир Бол» партиясы Ош шаарында форум өткөрдү

22-сентябрда «Бир Бол» саясий партиясы Ош шаарында форум өткөдү. Иш-чарага партиянын лидери Алтынбек Сулайманов, талапкерлер Абдисаит Каримбеков, Жоомарт Жолдошев, Фарход Алимжанов, Чынара Капарова, Дүйшөн Төрөкулов, Шаирбек Маматокторов, Жодар Сайдилканов, Эсен Арзиев жана партиянын тарапташтары катышты.


Форумга Ош шаарындагы элдин келечегине көңүл кош карабаган жаштар уюмдарынын өкүлдөрү да келишти.



«Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов форум учурунда элди күч төңкөрүшүнө эмес, акыл, билим төңкөрүшүнө чакырды. Ал азыркы калыптанып калган система калкка каршы иштеп жатканын айтып, аны улантууну каалагандар терең жаңылышарын билдирди.



«Кошоматтыкты жакшы көргөндөр, пара алууну, берүүнү жакшы өздөштүргөндөр, ошондой эле чоңдордун таанышы – ушулар гана ал системада жашап келет. Ал системаны ким өзгөртөт деген маселе турат. Мен жаңыланууга жалгыз эмес, заманбап билимге ээ болгон жаңы жүздөр, өз тармагында ийгиликтерди жараткан инсандар менен чогуу баратам», – деди партия лидери.

 

А.Сулайманов элге кайрылуу жасап, алдыда чоң тандоо турганын, түрдүү партиялар шайлоого аттанганын, арасында кошоматчылар, саткындар, уурулар жана чыккынчылар бар экенин, элдин ага күрөшүүгө күчү жетерине ишенерин баса белгиледи.

«Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга сокку ура турган мезгил келгенин билдирди.

Ал өлкө экономикасын көтөрүүдө, инвестиция тартууда, туризм, айыл чарба жана башка тармактарды өнүктүрүүдө коррупция тоскоолдук кылып жатканын айтты.



«Коррупция бизди башкарып, кул кылып жатат. 4 адамдын башын бириктирген жетекчиден баштап, Президент, Парламент, Өкмөт коррупция менен күрөшөбүз деп белсенип жатышат. Кантип күрөшүп жатабыз? “Пара алды” деп МАИ кызматкерин, дарыгерди, мугалимди кармап жатышат, албетте, бул дагы коррупциянын элементтери»,- деди Дүйшөн Төрөкулов.



Талапкер Чынар Капарова элди тууганчылык, жердешчилик деген оорудан арылып, татыктууларды шайлоого чакырды.



«Урматтуу элим, эгерде сиз кайсы партияга добуш берүүнү билбей жатсаңыз, анда тизмени карап чыгыңыз. Курамында кимдер турат, буга чейин жемкорлук иштерине малынганбы, жокпу, текшериңиз. «Бир Бол» партиясында буга чейин саясатка аралашпаган, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөр чогулду», – деди ал.

 

«Бир Бол» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Эсен Арзиев Ош шаарында өткөн форум учурунда көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсе боло турганын айтты.



«Негизи турак жай менен камсыздоону республикалык масштабда ишке ашырса болот. Буга мамлекеттен көп каражат деле талап кылынбайт. Көп кабаттуу үйлөрдү ипотекага пайызсыз берсек болот. «Бир болчулардын» багыттарынын бири ушул. Бизге ишенип добуш бериңиздер», – деди Э.Арзиев.

 



Депутаттыкка талапкер Шаирбек Маматокторов «партия парламентаризмди аягына чыгарып, элге өзү ээ болгон мамлекетти башкаруу укугун кайтарып берет» деди. Ошондой эле Баш мыйзамдын 2010-жылдагы 8-редакциясында парламенттик башкарууга өткөн кеңешмесинде мүчө болгонун кошумчалады.

 



«Биздин Баш мыйзамды жакшылап изилдеп көрсөк, чынында, бардык тараптан эл аралык стандарттарга төп келет. Болгону ал иштебей жатат. Жалпы 46 берене Баш мыйзамда адамдын укуктарына, эркиндиктерине багытталган. Бирок, тилекке каршы, аны иштете турган мыйзам чыгаруу жана мыйзам көзөмөлдөөчү эң жогорку мамлекеттик орган компетентсиз адамдардан куралып калды. Депутаттардын жөндөмсүздүгүнөн, мурдагы чакырылыштардын алсыздыгынан биздин Баш мыйзам иштебей, өз ордунда турат», – деди Шаирбек Маматокторов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Бир Бол» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовнанын тескөөсү менен «Бир Бол» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 23-сентябрь, 2020-жыл

Тэги: Ош шаары форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу