MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaBlack виртуалдык картасынын колдонуучуларына товар жана кызматтар үчүн эми Google Pay сервиси аркылуу төлөм жүргүзүү жеткиликтүү экендигин кубануу менен маалымдайт.
Мындан ары кафеде, дүкөндө, оюн-зоок борборлорунда, транспортто айтор, контактсыз төлөм жүргүзүү мүмкүн болгон жерлерде смартфон же смарт-сааттарды (Garmin) POS-терминалга тийгизүү менен эле транзакцияларды ишке ашырууга болот. Мында акча каражатын же кадимки карталарды жаныңызга алып жүрүүнүн зарылчылыгы жок, товар жана кызматтар үчүн гаджеттер аркылуу эле төлөм жүргүзүңүз.
Google Pay аркылуу MegaBlack картасы менен төлөм жүргүзүү кимдерге жеткиликтүү?
Google Pay сервиси аркылуу төлөм жүргүзүү NFC-модулун колдогон Android базасындагы түзмөктөрдүн (Google сервисин колдобогон Huawei смартфондорунан башка) ээси болгон Visa MegaBlack картасынын колдонуучуларына (MegaPay виртуалдык картасын кантип ачса болору тууралуу шилтеме аркылууокуңуз) жеткиликтүү. Бул үчүн төлөм картасын Google-аккаунтка байлаш керек.
MegaBlack картасын Google Payге кантип байласа болот?
Даяр! Сатып алуулар үчүн Google Pay аркылуу MegaBlack картасы менен тез жана таптакыр коопсуз төлөм жүргүз. Эске салсак, GPay аркылуу төлөм жүргүзгөн учурда картанын маалыматтары сакталат жана башка түзмөктөргө өткөрүүдөн корголот.
MegaBlack– пайдалуу, ыңгайлуу, коопсуз!